АТАКУЛОВА Мерим Абдыкеримовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАКУЛОВА Мерим Абдыкеримовна (24. 04. 1971-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Ильичевка айылы) – филолог, филология илимдеринин доктору, профессор (2011), РФнын Табият таануу академиясынын академиги. Ош педагогикалык окуу жайынын «Башталгыч класстын мугалими» адистигин (1990), ОшМУнун Славян-герман филологиясы факультетинин орус тили жана адабияты адистигин бүтүргөн (1995). ОшТУда орус тил боюнча окутуучу, улук окутуучу, доцент, орус тили жана кыргыз тили боюнча кафедра башчысы (2005–2012), илим жана сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болгон (2013). 2013-жылдан магистратура бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө. 100дөн ашык илимий эмгектин автору. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы жана бир нече мадалдар менен сыйланган.

Эмг.: Эгоцентризм как категориальное значение лично-местоименной парадигмы в языке (на материале тюркских языков). Б., 2008; Инвариантное в прономинальной парадигме языка. Б., 2010; ж. б.