АТАЙ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАЙ ‒ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Атай айыл аймагына караштуу. Атай суусунун жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-жылы отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы Атай аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу. Калкы 1640 (2022); негизинен мал жана аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.