АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:56, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович (7. 9. 1949-жыл, Фрунзе шаары ‒ 20. 8 2014-жыл, Бишкек шаары) ‒ скрипач, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин скрипка классын, Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1973) бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун скрипка классына кирген. Студент кезинде эле Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде скрипач, кийин концертмейстер болгон. Оркестр жамааты менен бирге концерттерде композиторлор Л. Бетховендин, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П.Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин жана башка кыргыз композиторлорунун, обончулардын чыгармаларын аткарган. Москва, Ташкент, Алматы шаарларында, Африкада, Турция, Балтика мамлекеттеринде болуп, эл аралык фестивалдарга катышкан. Медалдар менен сыйланган.

Файл:АТАГЕЛДИЕВ18.png