АТАВИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАВИЗМ (лат. atavus ‒ теги) ‒ белгилүү бир түрдүн организминде эволюция процессинде алыскы тегинин белгилеринин пайда болушу, мисалы, жылкынын үч манжалуулугу, кошумча сүт бездери (полимастия), куйруктуу адам, киши денесинин жүн менен капталышы (гипертрихоз). Организм онтогенезинде Атавизмдин пайда болушу түрдүн эволюциясында ушул гендин (морфогенездик системанын) сакталып калышы менен түшүндүрүлөт. Эгер организм туура өөрчүсө бул гендин аракети башка репрессор ген менен басылып турат. Качан репрессор ген бөгөт болуу жөндөмдүүлүгүн жоготкондо Атавизм пайда болот.