АТАВИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:37, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. atavus ‒ теги) ‒ белгилүү бир түрдүн организминде эволюция процессинде алыскы тегинин белгилеринин пайда болушу, мис., жылкынын үч манжалуулугу, кошумча сүт бездери (полимастия), куйруктуу адам, киши денесинин жүн м-н капталышы (гипертрихоз). Организм онтогенезинде А-дин пайда болушу түрдүн эволюциясында ушул гендин (морфогенездик системанын) сакталып калышы м-н түшүндүрүлөт. Эгер организм туура өөрчүсө бул гендин аракети башка репрессор ген м-н басылып турат. Качан репрессор ген бөгөт болуу жөндөмдүүлүгүн жоготкондо А. пайда болот.