АТАБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:17, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (түрк., ата ж-а бек) ‒ 1) алгач селжук султандарынын мураскерлерин тарбиялоочулар. Көп учурда өзүнүн тарбиялануучусунун бийликке келиши м-н регент аталып, айрым учурларда жаӊы династиялардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан; 2) 12‒13-к-дагы Жакынкы Чыгыштагы башкаруучулардын аталышы; 3) мамлюк султанатындагы египеттик аскер башчы (13‒16-к), к. о. эле Аталык макаласын.