АТАБАЕВ Токтобай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАБАЕВ Токтобай (1933, Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар кыштагы ‒ 2004, Ош шаары) ‒ бургулоочу, геологиялык чалгындоо жумуштарынын устаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Ташкендеги геологиялык чалгындоо

Файл:АТАБАЕВ15.png

техникумун бүткөн (1973). 1948-жылдан Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгынын Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында жумушчу, бургулоочу (1950), геологиялык партияда бургулоо жумуштары боюнча участоктун начальниги (1973), Терекан геологиялык чалгындоо партиясынын башкы инженери, начальниги (1975‒1980), Чаткал геологиялык экспедициясынын башкы инженери (1980‒1981), Улуу-Тоо геологиялык партиясынын начальниги (1981‒1990), Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын начальнигинин чарбалык иштери боюнча орун басары (1990‒1995), 1995-жылдан жылкы базасынын директору болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарында чоӊ ийгиликке жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы, «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.