АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИ‒ мектеп менен дайыма байланыш жасоо үчүн уюштурулган ата-энелердин коомдук уюму. Ал ата-энелер тарабынан сунушталып, бир жылдык мөөнөткө шайланат. Анын жетекчиси педкеӊештин мүчөсү болот. Комитеттин иш планы мектептин жалпы иш планына ылайык окуу жылына же жарым жылга түзүлөт. Комитет ата-энелер менен байланышып, мектептин окуу-тарбия иштерин жакшыртууга, материалдык базасын чыӊдоого жана жалпыга милдеттүү окуу мыйзамын турмушка ашырууга көмөк көрсөтөт.