АТ ҮЙРӨТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ ҮЙРӨТҮҮ‒ азоо жылкыны минүүгө жана күч унаа катары пайдаланууга даярдоо. Күч унаа катары пайдалануучу жылкы тай кезинен адегенде нокто, жүгөн катууга, ооздуктоого, тердик салууга, жетекке, арабанын артына байлап ээрчитүүгө, кийин каамыт салууга көнүктүрүлөт. Андан кийин алар жеӊил арабага чегилип, акырындык менен жүк тартууга үйрөтүлөт. Таскакчыл асыл тукум минги жана ат спортуна пайдаланылуучу жылкылар кунан кезинен жүгөн катууга, ээр токууга , ат майданында катуу чуркоого көнүктүрүлөт. Ат спортунун көп түрүнө, манежде жүрүүгө үйрөтүлөт.