АТ-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:04, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кызыл-Агын суусунун (Кызыл-Суу нун сол куймасы) алабында. Уз. 7,1 км, аянты 17,6 км2. Абляциясынын аянты 2,4 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 6080 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Куралуу облусу ‒ Ленин атн. чокунун түндүктү караган тик капталдуу этеги. «Тилинин» учу (3,6 км2дей жери) морена м-н капталган. Мөӊгүдөн Кызыл-Суунун негизги курамынын бири башталат.