АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:37, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түн.-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊг. бийикт. 1860‒1900 м. Уз. 6 км, туурасы 20‒150м. Капталдары бийик (200‒400 м), кууш ж-а тик (50‒60°). Капчыгайдын түш. бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түн. тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллд уу чулу тоотектеринен турат, түш. бөлүгүндө палеоген м-н неогендин конгломерат ж-а кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл ж-а жарым чөл өсүмдүкт өрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.