АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:17, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы аӊчылык боюнча корук жер. Кайыӊды, Ат-Башы сууларынын жана Ат-Башы суу сактагычынын жанындагы токойлуу жана бадалдуу жерди ээлейт. Аянты 12,0 миӊ га. Азайып бараткан кекилик, коён, кыргоол, элик жана башка канаттуулар менен жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.