АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ--Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы аӊчылык б-ча корук жер. Кайыӊды, Ат-Башы сууларынын жана Ат-Башы суу сактагычынын жанындагы токойлуу жана бадалдуу жерди ээлейт. Аянты 12,0 миӊ га. Азайып бараткан кекилик, коён, кыргоол, элик ж. б. канаттуулар менен жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.