АСЫЛМА МӨӉГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫЛМА МӨӉГҮ ‒ бийик тоонун тик капталдарында пайда болгон муз тулкусу, мөӊгү. «Тили» тоонун этегине жетпей «асылып» же «салаӊдап» тургандай көрүнгөндүктөн, асылма мөңгү деп аталып калган. Мындай мөӊгүлөрдү кыргыздар к а с а б а м ө ӊ г ү л ө р деп да аташат.