АСЫЛ ТУКУМ КИТЕБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫЛ ТУКУМ КИТЕБИ - тукумдун жылдык белгилерине туура келген мал катталуучу документ; асыл тукум ишин уюштуруудагы мамл. маанилүү иш чара. Китеп айрым чарбаларда ар кайсы мал тукуму б-ча иштеген селекционерлердин ишин чагылдырат. Анда уй, кой, жылкы, эчки ж. б-дын таза тукумдагысы катталат. Ар бир тукум үчүн өзүнчө китеп болуп, элита жана 1-класстын талабына (мал бонитировкалоо инструкциясы б-ча) туура келген асыл тукум мал катталат. Анда ошол мал (төл) алынган асыл тукум мал чарбасы жазылып, малга катар номер жана марка берилет.