АСЫЛ-БАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:54, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫЛ-БАШ ‒ Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 20 км түндүк-батыш тарапта. Беловодский темир жол бекетинен 12 км. 1924-жылы орношкон. Деӊиз деӊгээлинен 1560 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2136 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, маданият үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.