АСЫЛ-БАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Чүй обл-нун Сокулук р-ндагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 20 км түн.-батыш тарапта. Беловодский темир жол бекетинен 12 км. 1924-ж. негизделген. Деӊиз деӊг. 1560 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2136 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мад-т үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.