АСЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫЙ – 5-жылга караган бодо мал. Аны Асый чыкма, жаӊы Асый же бир Асый деп атаган; 6-жылга караганы эки Асый деп аталган. Малдын жашын тиши аркылуу аныктоого болот. Көбүнчө жылкыга карата айтылат. Жылкы Асый болгондо ортоӊку кашка тиши түшүп, анын ордуна туруктуу кашка тиши чыгат. Жылкынын жашы улам жогорулаган сайын анын тишиндеги чуӊкурлар жоюлат да, 10‒12 Асыйда кашка тиштери 3 бурчтуу формага айланат.