АСЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫЙ - 5-жылга караган бодо мал. Аны Асый чыкма, жаӊы Асый же бир Асый деп атаган; 6-жылга караганы эки Асый деп аталган. Малдын жашын тиши аркылуу аныктоого болот. Көбүнчө жылкыга карата айтылат. Жылкы Асый болгондо ортоӊку кашка тиши түшүп, анын ордуна туруктуу кашка тиши чыгат. Жылкынын жашы улам жогорулаган сайын анын тишиндеги чуӊкурлар жоюлат да, 10‒12 Асыйда кашка тиштери 3 бурчтуу формага айланат.