АСФАЛЬТ-БЕТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСФАЛЬТ-БЕТОН , а с ф а л ь т - б е т о н у ‒ шагыл, кум, минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит жана башкалар) битум менен болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, асфальт эритмеси деп аталат. Ал даярдалышына жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ы с ы к (120°Сден жогору), ж ы л у у (50‒100°С), м у з д а к (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8‒10 ай сакталат. Асфальт-бетонго суу жукпайт жана өтпөйт. ‒15°Сде анын бышыктык чеги 15‒20 МПа, 20°Сде 2‒3 МПа, 50°Сде 0,8‒1,2 МПады түзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн жана эксплуатациялоо факторлорунан асфальт бетон эскирип, коӊторулууга дуушарланат. Азыркы технология боюнча рециклер машинасы аны регенерациялайт, башкача айтканда коӊторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. Автомобиль жолу, жанжол, аэродром жана көпүрөлөргө, өнөр жай имараттарынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкектигине (жакшы, начар, суюк) жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ы с ы к (120°С),

ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги боюнча к е с е к, о р т о жана м а й д а д а н д у у, ошондой эле к у м д у у асфальт-бетон болуп ажыратылат.