АСФАЛЬТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСФАЛЬТ (грекче аsрhаltоs ‒ тоо чайыры) ‒ битум менен майда минерал заттардын (акиташ, кум жана башкалар) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). Асфальт табигый жана жасалма болуп бөлүнөт. Т а б и г ы й асфальт жеӊил фракциялардын бууланышынын жана гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оӊой эрүүчү катуу асфальтка айланат. Асфальттын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. Асфальт жаратылышта курамы 2‒20%ке чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин жана башка тоо тектеринин жаракасында кезигет. Ж а с а л м а асфальт майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13‒60% битум аралашмасы. Табигый асфальттын курамында нефть майы көп жана бир нече процент парафин болот. Асфальт күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму менен аралаштырып, Асфальт мастикасын даярдайт. Асфальт мастикасы бир өӊчөй түзүлүштө болууга жана андагы битумдун кошундусу боюнча салмагы 13%тен кем болбоого тийиш.