АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ - асман жарык чыгаруучуларын жана андагы кубулуштарды байкоочу жана астрономия боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме. Ал байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескоп, радиотелескоп ) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабораториялык приборлор (мисалы, электрофотометр ж. б.) менен жабдылат. Астрономиялык обсерватория адатта шаардан сырткары, деӊиз деӊгээлинен бийик жана мүмкүн болушунча экваторго жакын тоолорго курулат. Көпчүлүк Астрономиялык обсерватория электромагниттик нурланууну каттоочу аспаптар менен жабдылат, негизги приборлору коргоочу мунарасына жайгаштырылат. Астрономиялык обсерватория Ассирия, Вавилон, Кытай, Египет ж. б. мамлекеттерде бир нече миӊдеген жылдар мурда эле курулган. Өз учурунда 15-кылымда Улугбек Самаркандда Астрономиялык обсерватория куруп, 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18‒19-кылымдарда дүйнө боюнча 400дөн ашуун Астрономиялык обсерватория түзүлүп, азыр 500гө жетти, анын ичинде Абастумани астрофизикалык обсерваториясы (Боржоми шаары), Гринвич обсерваториясы (Лондон), Крымдагы астрофизикалык обсерватория, Пулков обсерваториясы (Санкт-Петербург) бар.

Ад.: Развития астрономии в СССР. М., 1967.