АСТРОДИНАМИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОДИНАМИКА (астро... жана динамика ) ‒ асман механикасынын бир бөлүмү. Ал космос аппаратынын ‒ Күндүн, планеталардын жасалма жандоочторунун, ошондой эле планеталар аралык станциялардын, жылдыздар аралык зонддордун жана башкалардын кыймыл аракетин үйрөтөт. Астродинамика «космодинамика», «асман баллистикасы», «космоско учуу механикасы» деп да аталат. Жердин биринчи жасалма жандоочусу учурулгандан кийин (СССР, 1957) тез өнүгө баштаган. Классикалык асман механикасында Ньютондун тартылуу закону боюнча асман нерселеринин өз ара тартылышы айтылса, Астродинамикада ага кошумча Жер атмосферасынын каршылыгы, күн нурунун басымы, Жердин магнит талаасы, космос аппараттарынын автоматтык түрдө же болбосо Жерден берилген буйрук боюнча башкарыла тургандыгы эске алынат.