АСТРОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:58, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОГРАФ (астрожана гр. grapho ‒ жазамын) ‒ асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартуучу астрономиялык аспап. Анын негизги мүнөздөмөсү ‒ фотопластинкага түшкөн жарык күчү менен сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри жана фокус аралыгы. Асмандагы жылдыздар, метеорлор, кометалар, астероиддер жана жасалма жандоочторду тартуучу А-тын объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпайт, ал эми өтө так астрономиялык өлчөөлөрдү жүргүзүүчү А-тыкы ‒ 10‒15 мден кем эмес болот. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 м кадимки А. менен жабдылган.