АСТЕРОИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТЕРОИДДЕР (гр. asteroeid ‒ жылдыз сымал), к и ч и н е п л а н е т а л а р ‒ Күн системасында эллипс орбитасы боюнча айлануучу космос телосу. Астероиддердин диаметри 1‒1000 км. Италия астроному Жузеппе Пиацци 1801-жылы Марс менен Юпитер ортосунда айланып жүрүүчү кичине планета Церераны алгачкылардан болуп ачкан. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин 1802-жылы Паллада (диаметри 608 км), 1807-жылы Веста (538 км) жана башка ачылган. Курамы боюнча Астероиддер таш (силикаттар менен карбонаттардан турат), металл-таш жана металл (иридий менен никель арбын) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк Астероиддердин айлануу мезгили 8 саат чамасында. Диаметри 240 кмден кичине Астероиддер туура эмес формада болот. Азыркы убакта 2000ден ашык Астероиддер белгилүү.