АСТЕК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:24, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТЕК ТИЛИ (ацтек, науа, науатль тилдери ) ‒ ютоастек тилдеринин бир бутагы. Мексикада жана Сальвадордо, мурда Гватемалада, Гондураста жана Никарагуада тараган. 1 млндон ашык (2000) киши Астек тилинде сүйлөшөт. 14‒16-кылымдарда пиктографиялык жазууга, кийин 16-кылымдан латын графикасына өткөн.