АСТАФЬЕВ Виктор Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТАФЬЕВ Виктор Петрович (01. 05. 1924-жыл, Красноярск крайы, Овсянка айылы ‒ 29. 11. 2001-жыл, ошол эле жерде) ‒ орус жазуучусу. Балдар үйүндө тарбияланган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1959‒1961-жылдары Жогорку адабий курста окуган. «Атуул» (1951), «Келерки жазга чейин» (1953), «Ашуу» (1959), Сибирь кыштактары тууралуу курч проблемалуу, тереӊ психологиялык «Уурдоо» (1966), «Койчу жана койчу аял» (1971), «Падыша балык» (1976), балалык жөнүндө автобиографиялык «Акыркы таазим» (1‒2-китеп, 1971‒1979) аттуу аӊгеме жана повесттерди жазган. «Жашоо керек» (1985), «Жайдары жоокер» (1998) повесттеринин жана «Людочка» новелласынын, «Кайгылуу детектив» (1998) романынын, «Өлүмгө наалат» (1‒2-китеп, 1992‒1994) аттуу чыгармалардын автору. Анын чыгармалары Батыш элдеринин тилдерине которулган. СССРдин (1978, 1991) жана Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгынын (1995, 2003) лауреаты.

Ж. Медералиева.