АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ‒ өлчөөчү механизми кыймылдуу бөлүгүнүн абалына (прибордун көрсөтүүсүнө) сырткы бир тектүү магнит талаасы таасир этпегидей жасалган электр өлчөгүч. Бул прибордо эки бирдей кыймылдуу бөлүгү өз ара бириктирилип жалпы окко орнотулган (мис., электр-магниттик түрмөк) магнит талаасы ага таасир этип, бир учурда өз ара карама-каршы багытталган айландыруучу моментти пайда кылып, системаны теӊ салмактап турат. Бул прибор амперметр, вольметр, ваттмет рден турат. А. ө. п. көбүнчө турактуу ж-а өзгөрмө ток тизмегинде тажрыйбалык өлчөөлөрдү жүргүзүүдө колдонулат.