АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ – байыркы археологиялык эстелик. Биздин замандын 3–8-кылымдарына таандык. Астана шаарынан 1–2 км батышта жайгашкан. Астана шаарынын атынан аталган. Астанадан 3–4 км чыгыш тарапта Карахожа көрүстөнү бар. Көрүстөндөр Жибек Жолунун боюнда болгондуктан, убактысы так белгиленген. Бул көрүстөндөр жөнүндө маалыматтар кытай жазма булактарында Тан доорунан (7–10-кылым) белгилүү. Астана көрүстөнү 695-жылы Чжан Хуайсу бейитине коюлган жазуудан белгилүү. Гаочандын түндүк-батышынан орун алгандыктан, "эски түндүк-батыш көрүстөнү", ал эми Караходжа көрүстөнү Сун Хуэйжендин мүрзөсүндөгү эпитафияга ылайык (663) “Түндүк кесене” аталган, анткени Гаочандын түндүк жана түндүк-чыгышында Гаочандын башкаруучуларынын мүрзөлөрү болгон. Көрүстөндөр 8 км аянтты ээлеп, 500гө жакын дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Ар бир көрүстөн түбү таш төшөлгөн үңкүрдү элестетет, дубалдары ар кандай сүрөттөр менен кооздолгон, алардын катарында Конфуций дининин негизги постулаттары чагылдырылат. Анда кездемеге же кагазга түшүргөн Кытай улутунун ата-бабалары Фуси жана Нюйва, жарым-жартылай адамдар жана жылан түрүндөгү сүрөттөр ж. б. кезигет.
Ш. Керимова