АССОЦИАЦИЯ (химияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОЦИАЦИЯ, х и м и я д а ‒ бирдей же жаратылышы боюнча жакын молекулалар эритмелерде салыштырмалуу туруксуз топторду ‒ ассоциаттарды (димерлерди, тримерлерди жана башкаларды) пайда кылуусу. Аларда молекулалар суутектик байланыш, ван-дер-ваальс, диполь-диполдук ж. б. күчтөр менен байланышкан. Ассоциация эритмелердин физикалык-химиялык касиеттерине таасир этет. Электролиттердин эритмесиндеги иондордун Ассоциациясы иондук жуптар, тримерлердин пайда болушу алардын заряддарынын электростатикалык өз ара аракеттенүүсү жана сольватташуусу менен түшүндүрүлөт. Иондордун Ассоциациясы алардын зарядына, радиусуна, электрондук катмарларынын түзүлүшүнө жана эриткичтин диэлектрдик өткөргүчтүгүнө, анын молекулаларынын электрон донордук жана электрон акцептордук касиеттерине көз каранды.