АССОЦИАЦИЯ (химияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОЦИАЦИЯ, х и м и я д а ‒ бирдей же жаратылышы б-ча жакын молекулалар эритмелерде салыштырмалуу туруксуз топторду ‒ ассоциаттарды (димерлерди, тримерлерди ж. б.) пайда кылуусу. Аларда молекулалар суутектик байланыш, ван-дер-ваальс, диполь-диполдук ж. б. күчтөр менен байланышкан. А. эритмелердин физ.-хим. касиеттерине таасир этет. Электролиттердин эритмесиндеги иондордун А-сы иондук жуптар, тримерлердин пайда болушу алардын заряддарынын электростатикалык өз ара аракеттенүүсү жана сольватташуусу менен түшүндүрүлөт. Иондордун А-сы алардын зарядына, радиусуна, электрондук катмарларынын түзүлүшүнө жана эриткичтин диэлектрдик өткөргүчтүгүнө, анын молекулаларынын электрон донордук жана электрон акцептордук касиеттерине көз каранды.