АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОЦИАЦИЯ б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, башкача айтканда фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мисалы, Кыргызстандын талааларында ак шыбак Ассоциациясында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша Ассоциациянын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.