АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОЦИАЦИЯ, б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, башкача айтканда фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мисалы, Кыргызстандын талааларында ак шыбак Ассоциациясында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша Ассоциациянын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.