АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:43, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОЦИАЦИЯ, б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, башкача айтканда фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мисалы, Кыргызстандын талааларында ак шыбак А-сында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша А-нын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.