АССОНАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОНАНС (фр. assonanсе ‒ үндөштүк, уйкаштык) ‒ уйкаштыкта же улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштардын кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык ыкма. Мындай кайталоо, же үндүүлөрдүн үндөштүгү ырдын башында же бүтүндөй ыр жолдорунда болушу мүмкүн. А. элдик ырларда көп кездешет (мис., Агарып аткан таӊ бекен, Агарган таӊдай жан бекен. Асмандап учкан каздайым, Ак жайык жаткан саздайым). Мисалдардан көрүнүп тургандай, «а» тыбышынын кайра-кайра кайталанышы А. түзүп, поэтикалык речтин жагымдуулугун, уккулуктуулугун арттырууда.