АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ ‒ оптикалык жактан аракетсиз жана ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу хим. процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физ. факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-ж. нем. химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус к-тасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай А. с-ге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоӊ мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин к-таларды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланинди ж. б. синтездөөдө колдонулат.