АССИМИЛЯЦИЯ (этнографияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИМИЛЯЦИЯ э т н о г р а ф и я д а (лат. аssimilatio ‒ аралашуу, өздөштүрүү) ‒ бир элдин эне тилин, маданиятын, улуттук аӊ-сезимин жоготуп, экинчи бир элге сиӊип кетиши. Бул процесс эки түрдө: табигый жана мажбурлоо жолу менен жүргөн. Табигый Ассимиляция калктын түрлүү этностук топторунун арасында узак мезгилге созулган карым-катнаштын негизинде, алардын өз ара никеге турушунун ж. б. факторлордун натыйжасында жүрөт. Улуттар арасында теӊсиздик өкүм сүргөн өлкөлөр ичинде Ассимиляция мажбурлоо, зордоо жолу менен ишке ашырылган. Мисалы, Австрия империясында, кийинчерээк Австрия-Венгрияда, Россияда ж. б. жерлерде ушундай Ассимиляция процесси жүргөн.