АССИМИЛЯЦИЯ (тил илиминде)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИМИЛЯЦИЯ т и л и л и м и н д е ‒ жанаша турган үнсүз тыбыштардын артикуляциялык жана акустикалык жактан жасалуу таасири астында бири бирине окшошуу процесси. Мисалы, сөздөгү баштапкы уяӊ же жумшак үнсүздөрдүн таасиринде кийинки каткалаӊ үнсүздүн жумшарышы же тескерисинче, каткалаӊдашуусу. Окшошуу процессинин негизинде толук жана толук эмес Ассимиляция байкалат. Толук Ассимиляция ‒ жанаша турган үнсүз тыбыштардын бири-бирине толук айкалып айтылышы (мисалы, «казса» деген сөз «касса» болуп айкашып айтылат). Толук эмес Ассимиляция ‒ айрым тыбыштардын ар түрдүүчө айтылып, башкача жазылышы (мисалы, «канга» деген сөз «каӊга» болуп айтылат).