АССИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИЗИ (Assisi) ‒ Италиядагы шаар. Перуджа провинциясында (Умбрия облусу). Калкы 27,5 миӊ (2010). Перуджа штатынан түштүк-батышта, дөӊсөөдө (бийиктиги 424 м) жайгашкан. Б. з. ч. 7-кылымда Вилланова доорунда пайда болгон. 8-кылымдын аягынан Папа мамлекетине, 12-кылымдын 70-жылдарынан Ыйык Рим империясына караган. 15-кылымдан бирдиктүү Италия королдугу түзүлгөнгө чейин (1870) Папа мамлекетинин курамында болгон. Шаардын орто кылымдагы көрүнүшү сакталган. Санта-Мария (16‒17-кылым), Палаццо Комунале (учурда пинакотека, 1337), Ыйык Франциска монастырь комплекси ‒ базилика (1228) ж. б. архитектуралык эстеликтер (чиркөөлөр, монастырлар, чептер) сакталган. 1997-жылдагы жер титирөөдөн базилика катуу талкаланган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Диний зыярат кылуунун эл аралык борбору. Экономикасынын негизин туризм түзөт.