АССАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССАМ– тарыхый облус. Индиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Борбору – Диспур, эң ири шаары – Гувахати. Калкы 31 169 272 киши (2011). Аянты 78,438 км². Негизги дарыясы Брахмапутра, туурасы 80–100 км, уз. 1000 км. Аймак дүйнөдө ассам чайы менен белгилүү. Нефть, газ жана көмүр кендери, кварцит, силлиманит, каолинит, чопо, талаа шпаты жана башка кендерге бай. Аймакта улуттук парктар жана коруктар бар. Анда индиялык керик жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрү жашайт. Ассам аймагында Бангладеш менен Бутандын бир бөлүгү болгон Камарупа мамлекети өкүм сүргөн. 13-кылымда Кытай иммигранттарынан Ахом династиясы негизделген. Ассам 1824–1826-жылдардагы биринчи Англо-Бирма согушунун натыйжасында Британия империясынын курамында «Бенгалия жана Ассам» мамлекети түзүлүп, ага Бангладеш, Батыш Бенгал жана Индиянын түндүк-чыгыш тарабы кирген. 1947-жылы Индия көз карандысыздыкка жеткенде, Ассам Индиянын түндүк-чыгыш аймактарын бириктирген ири мамлекет болгон. Учурда мурдагы Ассам жана ага көз каранды мамлекеттердин аймагын Ассам, Манипур, Трипура, Мизорам, Мегхалая, Нагаланд жана Аруначал-Прадеш штаттары ээлейт. Аймактын экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Джут, чай жана башкалар өстүрүлөт. Мунай өндүрүлөт. Аймак суу ресурстарына ээ (Брахмапутра дарыясы жана анын куймалары). Алтын, кымбат баалуу таш кендери казып алынат. Ассамда салттуу уруулук жашоо образын колдогон индо-европалык элдер сакталып калган.
Ш. Керимова.