АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:00, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ, HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, молекулалык масса 133,1; балкып эрүү t 300 °C, сууда начар эрийт, органикалык эриткичтерде эрибейт. А. к. организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет. Анын анализи жана бөлүп алуу жолдору Са жана Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин кислоталар менен бирге тамак-ашта колдонулат.