АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ-- HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, мол. м. 133,1; б. эрүү t 300°C, сууда начар эрийт, орг. эриткичтерде эрибейт. А. к. организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө ж-а белок курамында кездешет. Анын анализи ж-а бөлүп алуу жолдору Са ж-а Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин к-талар м-н бирге тамак-ашта колдонулат.