АСМАН ЧҮМКӨГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АСМАН ЧҮМКӨГҮ - Жерден көрүнгөн үстү жактагы мейкиндик. Жер шарынын каалаган чекитиндеги байкоочуга асмандагы бардык жарык чыгаруучулар бирдей алыстыкта болуп, аны курчаган сферанын ичинен орун алгандай көрүнөт. Бул сфера А. ч. же асман деп аталат.