АСМАН СФЕРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН СФЕРАСЫ ‒ бетине бардык жарык чыгаруучулардын абалы проекцияланып, борбору байкоо чекитинде болгон каалагандай радиустагы ойдон алынган сфера. Ал астрономияда космос объектилеринин Асман сферасындагы координаталарын аныктоонун негизинде алардын кыймылын жана өз ара жайгашуусун изилдөө үчүн колдонулат. Асман сферасынын суткалык айланышына байланыштуу асман жарык чыгаруучулары мейкиндикте экваторго жарыш с у т к а л ы к п а р а л л е л ь деп аталуучу айланаларды сызат. Суткалык параллелдердин горизонтко жайгашышына жараша жарык чыгаруучулар батпоочу жана батуучу, чыкпоочу жана чыгуучу болуп бөлүнөт.