АСМА КОНСТРУКЦИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 , к у р у л уш м е- х а н и к а с ы н д а ‒ негизги элементтери чоюп керүүчү гана күчтөрдү кабыл алуучу курулуш констр-лары. Ал элементтер болот зым аркан, чынжыр зым, зым тор ж-а калдыркандан жасалат. А. к. аз каражат жумшалып, оӊой курулуучу жеӊил констр-ларды тургузууга мүмкүндүк берет. Көпүрө салууда, кенен имараттарды жабууда мейкиндик вант системалары, катуу калдыркан ж-а серпилме жука констр-лар көбүрөөк колдонулат. Мейкиндик вант системасынын түрү көп. Ал көбүнчө кайчылашкан зым аркандан түзүлгөн тордон турат. Катуу калдыркандын жүк көтөргүч негизги элементтери ‒ кайчылаш салынган болот аркандар. Куруу убагында тор

дун үстүнө бетон же темир-бетон плиталары жабылып, алардын жиктерине бетон, цемент эритмеси куюлуп бекитилет. Серпилме конструкциялар көбүнчө калдыркан элементтерден

Файл:АСМА КОНСТРУКЦИЯЛАР1.png
Асма конструкциялардын түрү: а ‒ чоӊ аралыкты жабууда колдонулуучу вант формасы;
Файл:АСМА КОНСТРУКЦИЯЛАР2.png
Асма конструкциялардын түрү: б ‒ эки жантайма аркага тартылган тор; в ‒ алдын ала чыӊалтылган тор.

же кендир таардан жасалат. Бийик түркүктөр аркылуу капчыгайдан же дарыядан өткөрүлгөн ийилме түтүктөр да А. к-дын түрүнө кирет. Мында керүүчү күчтөр болот аркандары бекитилген темир-бетон алкактарга, түркүктөрдүн үстүнө коюлган шакектерге берилет.