АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:56, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ, С в и т а м и н и, С6Н8О6 ‒ сууда эрүүчү түссүз кристалл. Өтө күчтүү кислота; 4-жана 5-көмүртек атомдору асимметриялык атом болгондуктан, анын 4 оптикалык изомери белгилүү. Аскорбин кислотасы дегидроаскорбин кислотасына чейин кычкылданат. Ал адамга абдан керектүү азык витамини. Адамдын организминде С витамини жетишпесе цинга оорусу пайда болот; тиши түшөт, кан тамырлары борпоӊ болуп, ички органдарга кан агат.