АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ, С в и т а м и н и, С6Н8О 6 ‒ сууда эрүүчү түссүз кристалл. Өтө күчтүү кислота; 4-жана 5-көмүртек атомдору асимметриялык атом болгондуктан, анын 4 оптикалык изомери белгилүү. Аскорбин кислотасы дегидроаскорбин кислотасына чейин кычкылданат. Ал адамга абдан керектүү азык витамини. Адамдын организминде С витамини жетишпесе цинга оорусу пайда болот; тиши түшөт, кан тамырлары борпоӊ болуп, ички органдарга кан агат.