АСКЕРДИК ТАРТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– мыйзамдарда ж-а аскердик уставдарда белгиленген эрежелерди сактоо, о. эле аскер башчыларынын көрсөтмө-тапшырмаларын бардык аскер кызматындагылар тарабынан бузбай так аткаруу шарттары. А. т. зордукка же опузага эмес, ар бир аскер кызматкеринин өзүнүн Мекенин коргоону жоокердик ыйык милдети экендигин сезгендигине таянат. А. т. жөнүндөгү куралдуу күчтөрдүн уставы 1998-ж. КРдин Жогорку Кеңешинин чечими м-н бекитилген.