АСКЕРДИК МЕДИЦИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК МЕДИЦИНА– медицинанын аскер кызматкеринин саламаттыгын сактоо боюнча илимдин теориясын жана практикасын изилдөөчү, ошондой эле аскер кызматкерлерин медициналык жактан тейлөөнү, согуш шартында алган жараатты дарылоону ишке ашыруучу тармагы. Тынчтык мезгилде аскер бөлүктөрүндө дарылоо, оорунун алдын алуу жумуштарын жүргүзөт; медциналык биринчи жардам көрсөтүүнүн ыктарын ж. б. үйрөтөт. Согуш убагында жарадарлардын өмүрүн сактоо, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн күрөшөт. КРде Аскердик медицина кызматын аткаруучу такай иштөөчү мекемелердин тармактары, согуш ардагерлеринин ооруканасы, аскердик госпиталь ж. б. бар.