АСКЕРДИК МЕДИЦИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК МЕДИЦИНА– медицинанын аскер кызматкеринин саламаттыгын сактоо б-ча илимд. теориясын ж-а практикасын изилдөөчү, о. эле аскер кызматкерлерин мед. жактан тейлөөнү, согуш шартында алган жараатты дарылоону ишке ашыруучу тармагы. Тынчтык мезгилде аскер бөлүктөрүндө дарылоо, оорунун алдын алуу жумуштарын жүргүзөт; мед. биринчи жардам көрсөтүүнүн ыктарын ж. б. үйрөтөт. Согуш убагында жарадарлардын өмүрүн сактоо, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн күрөшөт. КРде А. М. кызматын аткаруучу такай иштөөчү мекемелердин тармактары, согуш ардагерлеринин ооруканасы, аскердик госпиталь ж. б. бар.